• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Ош шаарында дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Ош шаарында дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Министрликтен кабарлашкандай, күн мурун, 21-майда ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын №12, 13, 29, 85, 109 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү тарабынан шаардагы Тешик-Таш жер-жемиш дүң базары, "Здоровье Плюс" медициналык борбору, турак үйлөрдүн кире бериш дарбазалары, тротуарлар, көп кабаттуу үйлөрдүн подьезддери, жер төлөөсүндөгү унаа коючу жайлар, балдар ойноочу аянтчалар, 8 азык-түлүк сатуучу дүкөн, 6 дарыкана, Озгур мечити, Суу тазалоочу ишканасы, С.Алымкул уулу атындагы мектеп, аялдамалар жана башка эл көп барган жерлер дезинфекцияланды.

"Учурда дезинфекциялоо иштери Кыргызстандын бардык аймагында уланууда", - деп айтылат ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий