• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоого 22 адам катыша турганын билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. БШКга 27-февралда өтүүчү Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 22 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү.

Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен №27 Биринчи май округу боюнча:

- Анвар Сартаев;

- Нурбек Токтакунов;

- Шадыкан Жакыпбеков;

- Элвира Сурабалдиева;

- Рысбай Аматов;

- Русланбек Акылбеков;

- Адылбек Гапаров;

- Рыскелди Момбеков;

- Таалайбек Кермалиев.

№29 Свердлов округу боюнча:

- Жусубалы Керимбаев;

- Назгүл Жолдошова;

- Жаныбек Асанбеков;

- Гуля Алмамбетова;

- Эдил Бейшенбаев;

- Муратбек Султанбеков;

- Шайлообек Атазов;

- Ирина Карамушкина;

- Улукбек Тургунбаев;

- Бакытбек Болотбеков;

- Элнура Алканова;

- Бакыт Бакиров;

- Бакыт Саадабаев.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий