• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экинчи топтогу майып. Жалал-Абадда 49 жаштагы Бекболот Боронбаев изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылынын 1972-жылы туулган Боронбаев Бекболот Дубанакулович аттуу тургуну дайынсыз болууда.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2021-жылдын 29-декабрында саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Учурда Бекболот Боронбаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, арык дене түзүлүштө, сакалы бар, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө күрөң түстөгү күрмө кара түстөгү шым, кара түстөгү массы-галош болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Б. Боронбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, анда төмөнкү дарекке кабарлап койсоңуздар болот: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0550 31 31 22.

Пикир

Оставить комментарий