• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Чаткалда элге арзан көмүр жеткирүү иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда элге арзан көмүр жеткирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Район акими Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына жалпы 80 тонна көмүр алып келинди. Анда бир мүшөк көмүрдүн баасы 220 сомдон сатылмакчы. Көмүр алгач калктын жардамга муктаж аярлуу катмарына, андан кийин жалпы калкка бөлүштүрүлөт.

Жеткирилген көмүрдүн тоонасы 5,5 жана 6 миң сомго чейин сатылат. Буга чейин облустун алыскы районунда көмүрдүн тоннасы 9 миң сомго чейин сатылып келген.

Жергиликтүү бийлик элге жеңилдик түзүү максатында көмүр жеткирүү иштерин дагы да улантмакчы.

Пикир

Оставить комментарий