• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн айыл өкмөтүндө соцконтракт боюнча сертификаттар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Аламүдүн аймагынын сегиз үй-бүлөсүнө киреше алып келүүчү бизнесин түптөө жана өнүктүрүү үчүн кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон каражат берилди.

Аламүдүн айыл өкмөтүнөн кабарлашкандай, аталган программанын катышуучулары бул каражатка мал чарба, соода, кийим тигүү тармагында ишканаларды жана интернет дүкөн ачууну пландаштырууда. Сертификаттарды жергиликтүү кеңештин төрагасы Алексей Филимоненко тапшырды.

Айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү боюнча башкы адиси Гулмира Турдумкулованын айтымында, айыл аймагынын жашоочуларынын арасында бул программага катышууну каалагандар арбын болду.

«Социалдык контракт программасына тандоону айыл өкмөттүнүн жобосуна ылайык социалдык маселелер боюнча комиссиясы карады, катышуучулар тандоонун бардык этаптарынан өтүштү. Сынактан өткөндөр бизнес-пландарды түзүү, ишкердиктин негиздери боюнча алдын ала окуудан өтүштү», - деп билдирди ал.

Жергиликтүү кеңештин төрагасы үч жыл ичинде алардын ишмердүүлүгү жана талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынарын, эгерде ишкердиги ийгиликтүү жүргүзүлсө, анда ал үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлө категориясынан чыгарыларын белгиледи.

«2023-жылга карата аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планына социалдык контракттын негизинде 18 үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүүнү киргиздик. Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин квотасына ылайык, аймактагы 2-3 үй-бүлөгө каражат берилиши мүмкүн, ошондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен программаны ишке ашырууну чечтик, анда дагы көп үй-бүлө камтылат», - деп кошумчалады ал.

Аймакта ошондой эле социалдык келишим түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоо боюнча сынак уланууда.

Пикир

Оставить комментарий