• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Профессор Осмоналиевдин Баш мыйзамга карата илимий-практикалык түшүндүрмөсү жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. / Кабар/. Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин Кыргызстандын учурдагы Конституциясына карата мамлекеттик тилде илимий-практикалык түшүндүрмөсү жарык көрдү.

Автор белгилегендей, бул эмгек учурдагы Баш мыйзамдын жогорку юридикалык күчкө ээ болгон нормаларынын маңызын ачып, мазмунун, алардын коомго жана саясий процесстерге тийгизген таасирин талдоого багытталган. Түшүндүрмө бирдиктүү конституциялык саясатты түзүүгө көмөктөшүү максатында жана юридикалык билим берүү процессинде колдонуу үчүн даярдалды.

Кайрат Осмоналиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясынын колдонуудагы редакциясы, албетте, Кыргызстандын конституциялык-укуктук тарыхында жаңы этап болуп калды. 2021-жылдын 11-апрелинде референдумга чыгарылган мыйзам долбоору Кыргызстан мурда туш болгон көйгөйлөрдүн эң актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган.

Мындан бир жыл мурун Кайрат Осмоналиевдин ушундай эле илимий-практикалык комментарийи расмий тилде жарык көргөн. Материалды басып чыгаруу Конрад Аденауэр атындагы фонд тарабынан каржыланган.

Кайрат Осмоналиев учурда Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчиси кызматын ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий