• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 388,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 278,8 миң – балдар, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулар.

"Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылга салыштырмалуу "Үүй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулдун орточо өлчөмү 1 392 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий