• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы оор дартка кабылган балага 50 миң сом бөлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы дарыланууга муктаж болуп жаткан балага материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында 12 жаштагы бала шашылыш жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу маалымат тараган.

Бишкек шаардык муниципалитети баланын ата-энеси менен байланышып, мэр Айбек Жунушалиев тарабынан мэриянын резервдик фондунан 50 миң сом каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Эске сала кетсек, 2008-жылы туулган Евгений Игорьевич Кузиков тез жардамга муктаж. Ал 4 жылдан бери сейрек кездешүүчү ичеги-карын оорулары менен ооруйт.

Пикир

Оставить комментарий