• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Рак илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган конференция өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Онкология жана гематология улуттук борборунда Рак илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөөгө арналган конференция өттү.

Иш-чарага КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Бактыгүл Султангазиева, медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова, илимий жана медициналык кызматкерлер катышты.

Өз сөзүндө, Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы эрте диагностика онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүдөгү негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиледи.

“Бул бейтаптын толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түздөн-түз онкологиялык оору аныкталган стадиясынан көз каранды экендиги менен негизделет. Бүгүнкү күндө республикада онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо тармагы жакшы деңгээлге жетти, бирок келечекте биргелешкен күч-аракет менен бул көрсөткүчтү мындан дагы жакшырта алабыз деп терең ишенем”, - деп билдирди ал.

Бактыгүл Султангазиева белгилегендей, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө жылына 14 млн рак оорусу катталат.

“Бул көрсөткүч 2030-жылга чейин жылына 21 млн учурга жетет деп болжолдонууда. Кыргызстанда бүгүнкү күндө онкологиялык диагноз менен 27 миң 822 адам болсо, анын ичинен 5 миң 377 учуру биринчи жолу аныкталган. Өз кезегинде, өлүм жылына оорунун жалпы санынын 52,9%ын (2 миң 968 учур) түзөт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чаранын максаты - рак оорусун заманбап цивилизациянын эң коркунучтуу ооруларынын бири катары элге жеткирүү, бул оорунун алдын алуу, аныктоо жана дарылоого көңүл буруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий