• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дары-дармектердин үч айлык запасы бар - Каратаев

Ден соолук 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дары-дармектердин үй айлык запасы бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дарылардын үй айлык запасы бар. “Кыргызстан дары чыгарбайт. Өлкөдөгү дары-дармек, медициналык шаймандардын 97 пайызы импорттолуп келет. Бирок, бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү бардык медициналык мекемелер керектүү каражаттар менен камсыздалган”, - деп баса белгиледи ал.

Ал кошумчалагандай, азыркы убакта жетпеген дары-дармектердин ордун толтуруу боюнча Эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктурган 18 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 298ге жетет. Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий