• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖЭБдеги авария. Энергетика министринин орун басары жабыркагандардан кабар алды

Ден соолук 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова жана бир катар жетекчилер Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборундагы авариялык абалдын кесепетинен жабыркаган кызматкерлерден кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖЭБдеги кырсыктан беш кызматкер жабыркап, экөө жеңил жаракаттан улам үйүно жиберилген. Калган үч кызматкердин абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкек ЖЭБне келишти.

Андан тышкары, президент Садыр Жапаров дагы Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жериндетаанышты. Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий