• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев лабораториялардын биринин жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Ден соолук 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бонецкий лабораториясынын жетекчиси менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, анда мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринен изилдөөгө жөнөтүлгөн бейтаптар үчүн лабораториялык кызматтардын баасын төмөндөтүү планын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Келишимге ылайык лабораториянын атайын жолдомосуменен барган бейтаптар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн баасы 50% төмөндөтүлөт, ал бланктар мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына лаборатория тарабынан берилет.

Ошентип, тараптар мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринин бейтаптары үчүн сапаттуу лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана бааларды олуттуу төмөндөтүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашты.

Министр белгилегендей, лабораториялык кызматтардын баасын олуттуу төмөндөтүү калктын кеңири катмарына медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо чоң мааниге ээ болот. Бейтаптар лабораториялык анализдерди арзан баада ала алышат, бул саламаттыкты сактоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат.

Ал ошондой эле медициналык адистер менен биргеликте этикага туура келбеген маркетингдик практиканын алдын алууга жардам берет, саламаттыкты сактоодогу ак ниеттүүлүк жана кесипкөйлүк принциптерин баса белгилейт жана медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртат.

Маалымат үчүн: Бонецкий лабораториясы лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзөт: биохимиялык, жалпы клиникалык, гематологиялык, онкомаркерлери, ИФИ, ПЧР, иммунологиялык, инфекциялык оорулар, цитологиялык, коагулологиялык, микробиологиялык, гормоналдык жана генетикалык изилдөөлөр. Лаборатория дүйнөнүн эң ири өндүрүүчүлөрүнүн заманбап жабдуулары менен жабдылган (Abbott, США; High Technology, США; Sysmex Corporation, Япония; ДНК Технология; SNIBE; ж.б.). Бонецкий лабораториясы Кыргызстандагы жеке медициналык лабораториялардын ичинен ISO 15189 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин аккредитациялоонун эксперттик баалоосунан өткөн жалгыз лаборатория болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий