• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кыргызстандагы 217 мектептин 4 миңден ашуун окуучусуна онлайн сабак өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан катышкан 217 мектептин 4 миңден ашуун окуучусуна онлайн сабак өткөрдү.

Онлайн сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ошондой эле 5-6-класстын окуучулары zoom-конференция аркылуу кошулду.

Сабак интернеттен билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана интернеттин коопсуздук эрежелери темасыда болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкө калкынын 40% 18 жашка чейинки балдар экенин айтып, өсүп келе жаткан муун үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин приоритеттүү милдети экенин белгиледи.

“Билим – бул белгилүү бир тармактын адиси болууга мүмкүндүк берүүчү жана андан аркы ийгиликтердин келечегин ачкан негизги фундамент. Бүгүнкү күндө интернет билим алуу жана жаңы илимдерди үйрөнүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат, бирок коопсуздук эрежелерин эстен чыгарбоо маанилүү. Өкмөт Кембридж жана Оксфорд университеттеринин негизинде так илимдер боюнча мектептин окуу китептерин иштеп чыгууну пландаштырууда, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мектептеги убактыңызды туура пайдаланып, чет тилдерди үйрөнүп, пайдалуу адаттарды өнүктүрүүңүздөрдү каалайм. Биз Бишкек шаарында болобу, республиканын алыскы аймактарында болобу, мектептерде билим берүүнүн сапаты бирдей жогору деген милдетти койдук. Биз европалык стандарттарга жооп берген мектептерди курабыз. Былтыр 100 мектеп пайдаланууга берилген болсо, быйыл жаңы мектептерди куруу иштери улантылат”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий