• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда ЖК депутаттарынын катышуусунда социалдык маселелер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Жалал-Абадда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримов облустагы социалдык көйгөйлөрдү талкуулаган жыйын өткөрдү.

Ага президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Билим берүү, Экономика жана коммерция министрликтеринин өкүлдөрү, облустагы мекеме-ишканалардын башчылары, район жана шаарлардын жетекчилери катышты.

Жыйында депутаттар төрт күн аралыгында Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышып чыкканын белгилешип, мында негизинен эскилиги жеткен социалдык мекемелердин имараттарын жаңылоо боюнча иш алып баруу керектигин белгилешти.

Депутат Айбек Маткеримов Жалал-Абад шаарында жайгашкан облустук китепкана, балдардын көркөм сүрөт жатак мектебинин имаратынын азыркы абалына токтолуп, облустагы негизги маданий мекемелерге көңүл буруу зарылдыгын айтты. Ага катар кызматкерлерге бюрократиялык тоскоолдуктарга жол бербөө, калктын муктаждыктарын камсыздоодо жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы социалдык тармакта иш алып барган бир катар кызматкерлер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, “Жогорку Кеңешке 85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий