• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асаналиев: Нарын облустук ооруканасынын 40ка жакын медкызматкери өздүк унаасы менен жумушка жетүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Нарын облустук ооруканасынын 40ка жакын медицина кызматкери жумушка өздүк унаасы менен барууда. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген оорукананын директорунун орун басары Самат Асаналиев билдирди.

Асаналиев Нарын облусунда медицина кызматкерлерин жумушка ташуу үчүн атайын унаалар тартылып, иштеп жатканын билдирди.

"Ал эми облустук оорукананы айта турган болсом, анда 600дөн ашык кызматкер иштейт. Аларды өзүбүздүн унаа менен ташып жатабыз. Андан тышкары 40ка жакын медицина кызматкерибиз өздөрүнүн унаалары менен жүрүүдө", - деди ал.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиевдин айтымында, Нарында 48 автоунаага өткөрмө кагазы берилген. Алардын ичинен 40 уруксат кагазы кызыл түстө (күнү-түнү жүрүү үчүн) болсо, сары түстөгү уруксат кагазы (күндүзгү маалда жүрүү үчүн) 8 автоунаа ээсине берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий