• 88.68
  • 95
  • 0.95

Араван районунун аймагында бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.21. /кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районунун Чек-Абад айыл аймагында "Бирдиктүү алдын алуу" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иш-чарасынын алкагында милициянын көчмө кабылдамасы чек ара аймагында жашаган элдерге сервистик тейлөө көрсөтүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаңы жылга карата ата-энелердин коштоосу жок жаш өспүрүмдөр түнкүсүн кафе ресторандарга жана башка жактарга чыгууну уюштурбоо, балдардын коопсуздугуна кам көрүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Үй жылытууга пайдаланган көмүр газынан уулануудан сактануу жана электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. "Бирдиктүү алдын алуу күнү" профилактикалык иш-чарага жергиликтүү мекеме-ишканалардын, айыл башчылар, аксакалдар сотунун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий