• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция: Ошто акыркы бир жылда 32 көмүскө сойкукана аныкталган

Аймак 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Ош шаардык милициясы акыркы бир жылдын ичинде 32 көмүскө сойкукана аныктаган. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Милиция кызматкерлери ушул жылдын төрт ай аралыгында эле жашыруун сойкулук жасаганда көмөктөшкөн 10 жайлар: сауналар менен мейманканалар аныкталып, уюштурган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Алардын үстүнөн жазык кодексинин 166-берене (сойкулук кылууга тартуу), 167-берене (сойкулукка жана ыластыкка көмөктөшүү) белгилери менен тергөө иштери жүргүзүлгөн. Андан сырткары тергөө өндүрүшүндө дагы 4 кылмыш иши иликтенүүдө.

2019-жыл аралыгында Ош шаардык милициясы 22 ирет сойкулук жасоо үчүн уюштурулган көмүскө жайларды аныктап, тергөө иштерин жүргүзгөн. Айрым, мындай жол менен акча табууга кынык алышкан сауна менен мейманкалардын кызматкерлери акчалай жаза менен кутулушуп, мыйзамсыз иштерин жүргүзүүнү уланта беришкендиги бир нече ирет аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул багытта мыйзамдуу укуктарын пайдаланып, көмүскө сойкулук жасоочу жайларды уюштурган адамдарга каршы ыкчам иликтөө иштерин уланта бермекчи. Бул багытта жарандардан дагы тиешелүү маалыматтарды, колдоо күтөбүз.

Пикир

Оставить комментарий