• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2016-жылы Кадамжай районунда 8 жаңы ишкана ачылды

Аймак 0

Ош, 17-февраль /Кабар/. 2016-жылы Кадамжай районунда 8 жаңы ишкана ачылып, анын эсебинен 148 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай райондук администрациясынын мекемесинде 2016-жылдын жыйынтыгы чыгарылды, ага Кадамжай райондук акими Акрам Мадумаров, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, жергиликтүү айыл башкармалыктардын башчылары жана уюмдардын жетекчилери катышты.

2016-жылдын жыйынтыгы менен Кадамжай районунда 8 гектар аянтка күнөсканалар курулду, 10 гектардан ашык жерге тамчылатып суугаруу системасы жайылтылды.

Жолугушууда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү айыл башкармалыктардын 15 жетекчисине дотациядан чыгуу планын иштеп чыгууну, 2017-жылы ар бир айыл башкармалыктарга 2 ден 6 га чейин ишкана ачуу, 2 ден күнөскана ачуу, 1 гектар аянттагы жерге тамчылатып суугаруу системасын жайылтуу, сугат суусуна аяр мамиле кылуу боюнча жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий