• 88.68
  • 95
  • 0.95

Инспекторлор Ысык-Көлдө жол тыгындарынын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0


Бишкек, 06.08.23./Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын Ысык-Көл облусундагы кызматкерлери жол тыгындарынын алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, инспекторлор Тору-Айгыр менен Сары-Камыш айылдарынын ортосундагы оңдоо-түзөө иштери болуп жаткан жолдо жол тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө максатында ошол жерде кызмат алып барышууда.

"Азыркы учурда авто унаалардын саны көп, бирок жол тыгындары жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий