• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Таласта акыркы 1 сааттан бери катуу шамал болууда

Аймак 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Талас облусунун аймагында саат 17:00дөн бери каттуу шамал катталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетүүдө. Азырынча шамалдын кесепети тууралуу маалымат айтыла элек.

Белгилей кетсек, ӨКМ кызматы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бүгүн, 4-мартта саат 18:00дөн кечки саат 21:00гө чейин жана түнкүсүн катуу шамал болот деп билдирген. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий