• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жазында Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу иш-чарасы уюштурулат

Аймак 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Жазында Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу иш-чарасы уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, белгилүү журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобу менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилгелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.

Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана сүмөлөк фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий