• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүз районунда 200 кишиге ылайыкталган мечит курулууда

Аймак 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында дагы бир жаңы мечит салынууда. Бул тууралуу аталган райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мечит 200 кишинин намаз окуусуна ылайыкталып, бардык шарттары бар даараткана жана хужурканасы менен курулууда. Бүгүнкү күндө мечиттин курулуш иштеринин дээрлик 70 пайызы аяктап калды.

“Бул мечиттин курулуш иштери болжол менен бир жыл мурун башталган. Учурда дубалдары тургузулуп, чатыры жабылды. Мечит толугу менен “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Жергиликтүү эл да колунан келген жардамын берип, куруучуларды ысык тамак менен камсыздоого көмөк көрсөтүшүүдө”,- деди Талантбек Акылбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий