• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

91-күн. Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 7 тоннадан ашуун таштанды чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Суучулдар 91 күндөн бери Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштерин улантууда.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды.

Ушул жылдын 12-мартынан бери жалпы суу астынан 7 миң 505 кг таштанды, 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий