• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде кошумча окуу корпусу ачылды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде кошумча окуу корпусу ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында Төмөнкү Ала-Арча айылы Бишкек шаарына кошулуп, Свердлов районуна карап калган.

Жаңы эки кабаттуу имарат 375 окуучуга ылайыкталган, анда 18 окуу кабинети жана заманбап ашкана каралган.

Окуу корпусунун ачылуу аземине президент Садыр Жапаровдун онлайн форматта катышты. Бүгүн мамлекет башчы видеобайланыш аркылуу Кыргызстанда 9 мектеп жана 2 бала бакча ачты.

Пикир

Оставить комментарий