• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жер көчкүнү коопсуздандыруу үчүн тектирлеп түшүрүү инженердик ыкмасы колдонулат

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай тилкесинде жер көчкүнү атайылап тектирлеп түшүрүү иши башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Табигый кырсыктын алдын алып, адам өмүрүн жана материалдык баалуулуктарды сактап калууда бирден-бир натыйжалуу бул ыкма Борбор Азияда биринчилерден болуп Кыргызстанда ишке ашууда. Аталган иш-чаранын ачылышына бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Жең Ву жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти илимий-изилдөө мекемелери менен биргеликте республикабыздын аймагында 4 миң 554 жер көчкүнү аныкташкан. Анын ичинен 1 миң 186сы калктуу конуштарга жана объектилерге өзүнүн коркунучун жаратып келет.

Жер көчкүлөр негизинен өлкөнүн түштүгүндө тагыраак айтканда, жалпы жер көчкүлөрдүн 93 пайызы Ош жана Жалал-Абад облустарында аныкталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш-чараны ачып жатып, төмөнкүлөргө токтолду: “Дүйнөдө климаттын жылышы биздин өлкөбүзгө да өз таасирин тийгизүүдө. Бийик тоолуу аймактагы мөңгүлөрдүн ээрүүсүнүн кесепетинен төмөн жактагы адырлардын нымдуулугу көтөрүлүп, кылымдар бою турган тоолорубуз өзүнүн туруктуулугун жоготуп, көчүп жатат. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери 591 жер көчкү жүргөн. Анын ичинен 18и калк жайгашкан конуштарга түшүп, 236 жарандын өмүрүн алып, 277 турак үйдү, 7 социалдык имаратты жараксыз абалга келтирген. Ал эмимындай тектирлеп түшүрүү эң башкысы – элибиздин коопсуз жашоосу жана мамлекетибиздин экономикасы үчүн маанилүү”.

Жер көчкү түшүү кооптуулугу бар тилкелерди жоюу максатын көздөгөн долбоордун бюджети 39 млн АКШ долларын түзөт. Анын 60%ы гранттык негизде, 30%ы насыя катары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан, калган 10%ы өлкөнүн бюджетинен каржыланган. Долбоорго жалпы 46 жер көчкү участкасы камтылган.

Ош облусу боюнча 24 участок: Алай – 5, Кара-Кулжа – 5, Кара-Суу – 3, Ноокат – 1, Өзгөн -10.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 22 участок: Аксы – 6, Базар-Коргон – 5, Ноокен – 1, Сузак 10. Натыйжада жергиликтүү 4700 адамдын ден соолугу жана өмүрү корголуп, эл жашаган 1000ге жакын турак жайлардын коопсуздугу камсыздалат. Мындан сырткары 11 мектеп, 2 медициналык пункт, 18 соода түйүнү, 5 чакырым аралыктагы таза суу түтүктөрү, 3 өндүрүш объектиси жана 629 гектар айыл чарба жери, 28 чакырым унаа жолдору, 27 чакырым электр чубалгылары, 9 чакырым ирригациялык каналдар корголот.

Аюу-Сай участкасында жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү инженердик ыкмасы колдонулат. Тектирленген участоктор көп жылдык өсүмдүк чөптөрдү отургузуу менен рекультивацияланат.

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин 2024-2025-жылдары күтүлгөн жер көчкүлөрдүн циклдик активдешүүсүнүн алдын алуу жана акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында өз күчү менен аткаруу демилгеси Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жактырылды. Жыйынтыгында Аюу-Сай участкасындагы курулуш иштеринин 3 жылдык мөөнөтү 3 эсе кыскарып, тактап айтканда, 2023-жылдын 5 айында бүткөрүлүп, сметалык баасы 71 млн сомго чейин аз сарпталары мерчемделди.

Пикир

Оставить комментарий