• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри БУУнун жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан пандемиянын алдын алуу, ага даярдык көрүү жана ага каршы күрөшүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдү.

Ведомстводон билдиришкендей, Бейшеналиев өткөн пандемиядан алынган негизги сабак саламаттыкты сактоонун күчтүү жана туруктуу улуттук тутумун түзүү зарылчылыгы экенин белгиледи. "Пандемия биздин жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч болгондо чек аралар жана улуттук кызыкчылыктар маанилүү болбой турганын көрсөттү. Биз саламаттыкты сактоо тутумубузду чыңдоого, калктын бардык катмарынын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого инвестиция салышыбыз керек", - деди Бейшеналиев.

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри келечектеги коркунучтарга даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. А.Бейшеналиев Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагында биринчилерден болуп Эл аралык санитардык эрежелерди ишке ашыруунун алкагында экинчи биргелешкен тышкы баалоону өткөргөнүн баса белгилеп, ошондой эле Саламаттык сактоонун улуттук планы иштелип чыкканын билдирди.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан пандемиянын алдын алуу, ага даярдык көрүү жана ага жооп кайтаруу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өтүүдө. Жыйынга 150 өлкөнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий