• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайгуул кызматы “Чынар” базарында адашып жүргөн үч жашар кызды үйүнө жеткирип берди

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери “Чынар” базарында адашып жүргөн үч жашар кызды үйүнө жеткирип берди.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, күн мурун, 12-майда, болжол менен саат 14:15те милицияга кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, кичинекей кызды кызматтык унаага салып, жашаган дарегин аныктап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде кыздын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий