• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Акжол Махмудов баштаган балбандар Сербиядагы мелдеште 6 медаль утту, анын үчөө алтын

Спорт 0

Бишкек, 06.08.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын алты мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медаль тагынды.

Бексултан Махмудов (97 кг) күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) өз салмагында коло медалдын ээси болушту.

Эскерте кетсек, Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеш 5-августта жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий