• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер-министр Ч. Султанбекова 2017-жылга аймактардагы туризмди өнүктүрүү боюнча План иштеп чыгууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында он-лайн режиминде мамлекеттик орган, бизнес-коомчулук жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган ведомстволор аралык комиссия мамлекетик түзүмдөр жана бизнес сектор ортосундагы Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча баарлашуу аянтчасы катары түзүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө өзгөчө баалуу жаратылыш обьектилерине «Жаратылыш эстеликтери» макамын берүү, жаратылыш фондунун жерлеринде объектилерди куруу мүмкүндүгүн караган ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгү тууралуу маселелер каралды.

Ведомстволор аралык комиссиянын төрайымы Чолпон Султанбекова 2017-жылга аймактардагы туризмди өнүктүрүү боюнча План иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишти уюштурууну тапшырды. Ал белгилегендей, коңшу Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен Улуу Жибек Жолу боюнча биргелешкен туристтик багытты түзүү боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Мындан тышкары, туристтик бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн топтолгон сунуштары жана суроолоруна байланыштуу ведомстволор аралык комиссияга караштуу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Туруктуу иштөөчү жумушчу топтун курамына туризм жаатындагы маселелерди ыкчам чечүү максатында мамлекеттик орган жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий