• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 20 кесиптик театр иштейт

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда өлкө боюнча 20 кесиптик театр иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Статистика комитети, Кыргызстандын маданият тармагына байланыштуу айрым маалыматтарды топтогон.

Статистика комитетинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 8 театр орун алса, Жалал-Абад облусунда 3, Ош шаарында 3, Нарын облусунда 2 жана Баткен, Талас, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден театр бар.

2018-жылы көрүүчүлөр үчүн театралдык жамааттар тарабынан 1 миң 586 спектакль жана оюн-зоок көрсөтүлгөн.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Академиялык орус драма театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлар менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына көрүүчүлөр көп барышат.

Пикир

Оставить комментарий