• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: “Кыргызстанда өнүккөн гендердик мыйзам негизделген”

Коом 0

Бишкек, 27-фераль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр эскерткендей, Улуттук кеңеш 2012-жылы Өкмөттүн чечими менен түзүлгөн жана гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле аталган багыттагы макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуучу координациялык орган катары негизделген.

«Учурда Кыргызстанда өнүккөн гендердик мыйзам негизделген. Бардык тармак боюнча гендердик статистика түзүлгөн жана ал активдүү өнүгүүдө, бул өлкөнүн гендердик саясатты жактагандыгын далилдейт.

Мындан тышкары, 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук стратегия жана аталган максатка жетүү боюнча иш-аракеттер Планы кабыл алынган», - деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

Жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова 2015-2017-жылдарга Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын 2015-2016-жылдар үчүн аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Алсак, 2015-2016-жылдарга 79 иш-чара пландаштырылган, алардын ичинен мамлекеттик органдар, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башка мекемелер тарабынан 16сы аткарылган, 44ү – жарым жартылай аткарылса, 19 иш-чара аткарылган эмес. Улуттук иш-аракеттер планындагы иш-чаралар жарым-жартылай аткарылган, дээрлик 24%ы аткарылган эмес, ал эми айрымдары аткарылып баштай элек.

«Улуттук иш-аракеттер планындагы иш-чараларды ишке ашыруудагы негизги көйгөй катары ведомство аралык өз-ара аракеттешүүнүн жоктугу, жарандык коомчулук институттар жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктүн жоктугу саналат, Улуттук планда каралган милдеттер ведомстволук жана жергиликтүү пландардан айырмаланат. Ошондой эле Улуттук иш-аракеттер планындагы иш-чаралардын бюджеттик жактан камсыздалбагандыгы мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашыруудагы негизги көйгөй болуп саналат», - деди министр.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, биринчи кезекте Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзүндөгү тартипти ирээтке келтирип, аталган багыттагы Планды толук кандуу ишке ашырууну камсыздоосу тийиш. Тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар тараптан сунушталган отчеттор формалду мүнөзгө ээ, иште так координация жок. Ошондой эле ал белгилегендей, жакынкы арада мурдагы катачылыктарды кайталабастан, келерки мезгилге Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу керек.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин талкуулоодо белгиленгендей, үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо тутумунун натыйжалуу иши үчүн каражат издеп табуу зарыл. Ошондой эле өткөрүлгөн талдоонун натыйжасында аныкталгандай, мындай үй-бүлөнүн үчтөн бири никеси катталган эмес жана бул олуттуу көйгөй болуп саналат. Аталган статистика аялдардын абалына терс таасирин тийгизүүдө, ошондуктан анын келип чыгуу себептери жана кесепеттери тууралуу талдоо жүргүзүү керек.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын Конституциясында эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр каралган жана жыныстык белгилер боюнча дискриминацияга жол берилбейт.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган Кеңештин мүчөлөрүн алдыга коюлган максаттарды жана гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук стратегия алкагындагы милдеттерди ишке ашырууга жоопкерчиликтүү кароого жана бекитилген Планга ылайык иш жүргүзүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий