• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн канча каражат түшкөнүн айтты

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Жыйналыштын жүрүшүндө Жапаров 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылганын айтты.

“Жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш улантылат жана абдан күчөтүлөт. Коррупция бул – чоң социалдык коркунуч. Эгер карапайым калктын бир тыйындан чогулган казынасынан жедиби – он эселеп кайтарат”, - дейт президент.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралууда.

Пикир

Оставить комментарий