• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп, аткезчилик кылгандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Баткенде улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп алып, аткезчилик менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен районунун тургуну 23 жаштагы С.Н. жана Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 51 жаштагы М.Г. кармалган.

Алар улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп алып, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен жалпы суммасы 6 млн сомдук 15 миң 40 даана “Левонекст” левофлоксацин дарысын Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан, андан жекече пайда көрүү максатын көздөп Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Контрабанда" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий