• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров араб делегациясы менен ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр жетектеген делегацияны кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай, бул ага Борбордук Азия аймагында бир катар атаандаштык артыкчылыктарды берет.

«Кыргыз Республикасы Саудиянын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, энергетика, илим жана билим берүү, туризм жана маданият, ошондой эле адал индустриясы тармагындагы долбоорлорго тартууга кызыкдар», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда бизнес өнөктөштүктү түзүү зарылдыгын белгилеп, саудиялык компаниялардын тажрыйбасын жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр делегация мүчөлөрүн - айыл чарба, фармацевтика, энергетика, туризм жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын жетекчилерин тааныштырды.

Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө толук кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар көп тараптуу өз ара раракеттенүү алкагында кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашты.

«Сөздөн ишке өтчү мезгил келди, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө кескин секирик жасообуз керек. Кыргыз тарап бардык багыттар боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө даяр», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий