• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Кумтөр Голд Компаниге” келип түшкөн каражаттарды пайдалануу тууралуу токтом күчүн жоготту деп таанылды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Өкмөттүн 2019-жылдын 8-октябрындагы №529 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын граждандык кодексине “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына президенттин 2021-жылдын 5-майындагы №114 жарлыгына ылайык келтирүү, президенттин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчилике алып, министрлер кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы №529 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия түзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий