• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милициянын генералы Киязов Bishkek Half Marathon 2021 жарым марафонунда биринчи орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Милициянын генералы Кемелбек Киязов Bishkek Half Marathon 2021 жарым марафонунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 19-сентябрда Бишкек шаарында өткөн Bishkek Half Marathon 2021 жарым марафонунда отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов өзү курактагылар арасындагы 21,1 чакырым аралыкта чуркоодо биринчи орунду ээледи. Ал 1 саат 47 мүнөт 35 секундда чуркап келген.

Киязов алтын медаль жана диплом менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий