• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. "Жүрөгүндө эне тили, көкүрөгүндө комуздун күүсү ойногон балдардан эртеңки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков өңдүү чыгаан инсандар чыгарына бөркүмдөй ишенем", - деди Башкы прокурор Курманкул Зулушев кечээ прокуратуранын "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Б. Купешов, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы С. Мусаев, академик А. Акматалиев, тарбиялануучулардын ата-энелери жана жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттын ачылышында Башкы прокурор сөз сүйлөп, маселе тилге гана эмес, улутту сактап калууда экенин белгиледи. "Биз канчалык эне тилибиз тууралуу кеп кылбайлы, маселе тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат. А улуттун пайдубалы - биздин балдарыбыз болот. Ошондуктан биз балдарыбызды наристе кезинен «Мен Кыргызмын» «Мен кылым карыткан улуу элдин урпагымын» деп сыймыктануу менен айта тургандай тарбиялашыбыз керек”, – деди ал.

Иш-чаранын катышуучулары коомдогу мамлекеттик тилдин орду жана аны өнүктүрүүгө жасалган аракеттер тууралуу кеп козгошту. Ошондой эле, алар Башкы прокурорго мамлекеттик тилдин өнүгүүсү үчүн жасаган аракеттерине ыраазычылык билдиришип, расмий тилде тарбия берип келген “Наристе” балдар бакчасын мамлекеттик тилде тарбиялоого өтүү тууралуу Башкы прокурордун демилгесин колдошуп, бул иш башка мамлекеттик мекемелерге үлгү экендигин айтышты.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара атайын бөбөктөргө арналган оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий