• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажик студенттери куугунтукталып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт — министрлик

Коом 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Иномзоданын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын куугунтукталып жаткандыгы тууралуу айткандары боюнча түшүндүрмө таратты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1932 жараны окуду. КР Билим берүү жана илим министрлигине жана тийиштүү жогорку окуу жайлардын жетекчилигине ушул жылдын апрелинен тартып азыркыга чейин Тажикстандын жарандары – студенттери тарабынан куугунтуктоо тууралуу кандайдыр бир даттануу келип түшкөн эмес. Анын үстүнө кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак маалында Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлгөн.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу процесси көпчүлүк жогорку окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде жүргүзүлдү. Ушул тапта бардык студенттер эс алууда жүрүшөт.

Студенттерди которуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

Пикир

Оставить комментарий