• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кара-Кулжа районунун активи менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Кулжа районунун активи менен жолугуп, өлкөдө жүрүп жаткан реформалар туурасында маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин башчысы, Президент Садыр Жапаровдун башчылыгы алдында жасалып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, коррупция менен айыгышкан күрөш, салык жана бажы саясатынын туура жүргүзүлүшү өлкө экономикасынын өрүш алышын шарттаганын, анын натыйжасында мамлекетте, эбегейсиз курулуш иштери жүрүп жатканын билдирди.

“Кара-Кулжада эле 3 жылда 15 социалдык объектте иштер жүрдү, 6 мектеп, 1 бала бакча, 1 спорт зал 2 таза суу объектисин бүткөрдүк. Дагы курулуштар жүрүп жатат, Кайың-Талаада 275 орундуу Мамаев мектеби салынып жатат, Биймырзада, Жийде айылында бала бакчалар салынат, 1-Май айылында спорт зал бүтөт”-деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы жыйынга катышкан бир катар жетекчилерге тапшырмаларды койду. Алсак транспорт жана коммуникациялар министрине Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кыш мезгилинде үзгүлтүксүз унаа каттамдарын камсыздоону тапшырды. Ал эми Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигининин жетекчилигине Кара-Кулжа району боюнча авариялык абалда 3 мектептердин кийинки жылы бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Жергиликтүү жетекчилерге, анын ичинен социалдык тармактын кызматкерлерине адилеттүү социалдык саясат багытында иш алып баруу, чыныгы муктаждарга жардам берүү тапшырмасы берилди.

Ал эми салык органдарынын кызматкерлерине, карапайым соодагерлерди айып пул салам деп коркутуп, каражат талап кылуу фактылары катталса катуу чара көрүлөрүн эскертти

Жыйындын соңунда, Министрлер кабинетинин башчысы Алайкуу өрөөнүнөн келген өкүлдөргө жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Алар негизинен жол маселесин ошондой эле өрөөндө өрт өчүрүүчү техниканын жоктугун айтышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын өрт өчүрүүчү унаа Алайкууга бөлдүрүп берээрин айтып, ал эми кышкысын Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун боюнча жол ремонттоо мекемесин ачууну тиешелүү министрликке тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий