• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору (башкаруу кабинети), ошондой эле руданы казып алуу технологиясы менен таанышты.

Андан соң Акылбек Жапаров алтын чыгаруучу фабрикага барып, өндүрүштүк таштандылар топтолуучу калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы экологиялык жана өнөр-жай коопсуздугунун так сакталышы, ошондой эле ишканадагы эмгектин корголушу зарыл экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы кен иштетүү компаниясынын жамааты жана жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрдү, анда «Алтынкен» ЖЧК өнүгүү келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды.

Маалым болгондой, Чүй облусунун жергиликтүү бийлик органдарына «Алтынкен» ЖЧКсына кызматкерлерди ишке алууда ортомчу уюмдардан кызмат көрсөтүүнүн баасын жогору баалагандыгы боюнча даттануулар түшүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы мындай иш-аракетерге жол берилбеши тийиштигин белгиледи.

«Кызматка алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн катышуусунда таза жана ачык-айкын жүргүзүлүшү шарт», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Белгилесек, Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү боюнча лицензиянын ээси «Алтынкен» кытай компаниясы саналат, компаниянын 60% үлүшү – кытай тарапка, ал эми 40%ы «Кыргызалтын» ААК тийиштүү.

Бул кендеги алтындын болжолдуу запасы 78 тоннаны түзөт. Мында алтын менен катар күмүш, жез алынат. Жумуш орундарынын саны 987 адамга каралса, анын 917синде Кыргыз Республикасынын жарандары эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий