• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Нарындын бир катар отун-энергетикалык объектилерин кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, министрлер кабинетинин башчысы Нарын районундагы Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышты.

Обьектиде 356 га аянтты түзгөн суу сактагычтын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүп, гидротехникалык курулуштардын бардык участокторунда жер жумуштарынын көлөмүнүн жарымынан көбү бүткөрүлгөн, гидроэнергетика жана гидромеханикалык жабдуулар менен камсыздоо келишимдери Австриянын жана Түркиянын компаниялары менен түзүлгөн. Куланак ГЭСин 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

Андан ары Акылбек Жапаров Жумгал районундагы Миң-Куш кенинде жайгашкан Ак-Улак күрөң көмүр участкасында жана Жумгал районундагы Кара-Кече күрөң көмүр кенинин борбордук участкасында болду.

Министрлер кабинетинин башчысы участоктордун абалы, өндүрүш процесси, тоо-кен жана даярдык иштери жана үстүбүздөгү жылдын иш планы менен таанышты.

Кара-Кече күрөң көмүр кенинин "Борбордук" участкасында Акылбек Жапаровго электрондук кезек жана шлагбаум системасы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жалпы баасы 211 миллион 125 миң сомдук атайын техника – HOWO маркасындагы 20 самосвал, 2 экскаватор жана 1 бульдозер тапшырды.

Акылбек Жапаров көмүр кендеринин иши иретке келтирилип, көмүр казуу графикке ылайык жүрүп жатканын баса белгиледи. Жумушчу сапардын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий