• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пара триатлон боюнча курама команда дүйнө кубогуна даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара триатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө кубогуна даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, 25-мартта башталган машыгуу 15-апрелге чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

  • Жалалидин Абдувалиев;
  • Дастан Камчыбеков;
  • Гүлназ Жүзбаева;
  • Айтунук Жоомарт кызы;
  • Артем Шарпилов — коштоп жүрүүчү;
  • Алена Пучкина — коштоп жүрүүчү;
  • Юлия Фернас —коштоп жүрүүчү;
  • Андрей Ханадаев.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга коюлгаг календардык планынын негизинде өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий