• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев Азербайжандын “AZAL” авиакомпаниясынын жетекчиси менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. “Кошулбоо кыймылынын” Саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жумуш сапары менен келген КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын “AZAL” авиакомпаниясынын жетекчиси Жахангир Аскеров менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аба каттамдары жаатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Анда негизинен эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жана аба аркылуу жүк ташууларын ачуунун келечеги каралды.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы Кыргызстандан эл аралык каттамдарды бир топ диверсификациялап, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого салым кошот деп ишенем”, - деп белгиледи Төрөбаев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маселенин техникалык параметрлерин кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта эки өлкөнүн эксперттик топторунун жолугушуусун уюштурууну макулдашты.

Жолугушууга “Aviation Service Group” компаниясынын президенти Теймур Маммадов дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий