• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР СӨП былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарды. Жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясынын отуруму болуп өттү, деп билдирет ведомствону басма сөз кызматы.

Коллегиянын ишине санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев, санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары, ведомствого караштуу бөлүнүштөрдүн башчылары жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды жана ведомствонун өткөн мезгилдеги жетишкендиктери белгиленди:

— Булуттук электрондук кол тамганы онлайн режиминде берүү;
— транспортту онлайн режиминде кайра каттоо;
— “Түндүк” порталы аркылуу электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана туулгандыкты/өлгөндүктү каттоо жөнүндө документтерди берүү (пилоттук режимде);
— 7 санариптик документ киргизилген, алардын ичинен 2023 – жылы ишке киргизилген санариптик документтер – “туулгандыгы тууралуу күбөлүк”, “никеге туруу жөнүндө күбөлүк”, “ажырашуу жөнүндө күбөлүк”, 2024-жылдын башында дагы бир “пенсиялык күбөлүк” санариптик документи ишке киргизилген;
— “Түндүк” мобилдик тиркемесин 1,7 миллион жолу жүктөп алынды;
— “Түндүк” Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында 1 миллиард 313 миллион транзакция жүргүзүлдү;
— калкты каттоо багыты боюнча 3 303 640 мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү;
— архив тармагы боюнча: реставрацияланган документтер – 101 144 барак, калыбына келтирилген эски, бузулган документтер - 2 905 барак;
— 2023-жылы жалпысынан 7,6 миллион абонент мобилдик байланыш менен, 6,9 миллион абонент интернет менен камсыздалган;
— Digital CASA – KR долбоорун ишке ашыруунун алкагында 128 калктуу конушта жаңы телекоммуникациялык бөлүштүрүүчү түйүндөр уюштурулуп, дагы 84 калктуу конушта бөлүштүрүүчү түйүндөрдү уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Була-оптикалык байланыш линиялары 217 мектепте, 426 медициналык мекемеде, 105 маданият мекемесинде, 38 айыл өкмөтүндө, 6 социалдык өнүктүрүү мекемесинде кошулду;
— “Кыргыз Почтасы” ААКсынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100% га чейин жогорулатылды;
— “Кыргыз почтасы” ААК почтальондор үчүн, ошондой эле убакытты эсепке алуу үчүн почта кызматтарынын өзүнүн мобилдик тиркемесин иштеп чыкты.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча министрликтин 2024-жылга карата ишиндеги төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер белгиленди:

— Калкты каттоо борборлорунда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө иштин сапатын жакшыртуу үчүн жасалма интеллектти киргизүү;
— электрондук кезек системасын киргизүү;
— жарандардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу;
— Санариптик Кодексти кабыл алуу;
— маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулуш иштерин аяктоо жана ишке киргизүү;
— мыйзамсыз документтерди берүүнү толугу менен жоюу жана токтотуу;
— электрондук эмгек китепчесин киргизүү;
— киберкоопсуздук чөйрөсүндө ишти күчөтүү.

“Министрликтин ишинде жакшы натыйжалар бар. Өткөн жылы онлайн мамлекеттик кызматтар ишке киргизилди жана булуттук электрондук кол тамгасын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, бул иштерди андан ары өнүктүрүү маанилүү. Технологиялык сервистерди киргизүүнү эске алуу менен киберкоопсуздукту жана жеке маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу санариптик мейкиндикте өзгөчө мааниге ээ болот. Ошондой эле, санариптик чечимдерди киргизүү боюнча ишти күчөтүү жана санга эмес, сапатка көңүл буруу зарыл. Үстүбүздөгү жылы Санариптик Кодексти кабыл алуу жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизүү алдыга койгон максаттардын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат”, - деп белгиледи президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Буржуев.

Пикир

Оставить комментарий