• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандыктарга майдан тарта 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду берүү пландалууда

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин КР жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, учурда бланктары “Учкунга” жиберилүүчү, уставдык капиталынын 77,36% үлүшү мамлекетке тиешелүү болгон 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду даярдоону ишке киргизүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Ошону менен бирге токтомдун долбоору менен 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду берүүнү 2017-жылдын үлгүсүндөгү (ID) жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү (ЖЖП) паспорттордун бланктары (эски) түгөнгөнгө чейин жүргүзүүнү белгилөө сунушталат. Бул ченем эски паспорттордон жаӊы (2024-жылдын үлгүсүндөгү) паспортторго өтүүнү акырындык менен жүргүзүү максатында иштелип чыккан.

Эски паспорттордун калдыктагы бланктарынын маалыматтары боюнча, 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттор 2024-жылдын май айынан тарта бериле баштайт.

Ошондой эле токтомдун долбоорунда "Инфоком" мамлекеттик ишканасына 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортордун бланктарын жекелештирүүгө ыйгарым укукту берүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий