• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын өкүлдөрү Стамбулда жасалма интеллект боюнча саммитке катышты

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. 24-25-январда Стамбулда Түркия, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперттери , өкмөт жана бизнес өкүлдөрү чогулган Google AI Академиясынын эл аралык жабык саммити болуп өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинген билдиришкендей, Кыргызстандын атынан аталган министрликтин башчысынын орун басары Жумамүдүн Жумалиев жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Кубанычбек Садамбеков катышты.

Иш-чарада жасалма интелектин экономикалык потенциалын пайдалануу, контенттин коопсуздугу, автордук укук жана маалыматтардын купуялуулугу сыяктуу маселелер талкууланды.

Жумалиев өз сөзүндө, Кыргызстанда жасалма интеллект, анын ичинде эне тилинде активдүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө Жасалма интелекти колдонуу пландары тууралуу айтып берди.

Google AI академиясы уюштурган саммит аймактын санариптик трансформациясына дем берүү, жасалма интеллект жаатындагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт.

Уюштуруучулар аймактын потенциалын жогору баалашат жана аны алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн келечектүү аймак катары көрүшөт.

Саммитте жасалма интеллекти кеңири колдонуу темасы иш-чаранын негизги өзөгүн түздү. Бул иш-чара региондогу өлкөлөрдүн экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, алардын эл аралык статусун баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий