• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Көк-Арт суу сактагычын куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма дарыясына Көк-Арт суу сактагычын куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын суу чарба объектилерин куруу дирекциясы долбоордук-сметалык ишин иштеп чыгууга тендер жарыялады.

Тендердин жалпы суммасы 25 млн сомду түзөт, ал эми сынактык билдирүүнү берүү мөөнөтү 8-февралга чейин.

Пикир

Оставить комментарий