• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

СӨМ: Үйдөн чыкпастан жаңы паспорттун даяр болгондугун кантип билсе болот?

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен үйдөн чыкпастан жаңы паспорттун даяр болгондугун кантип билсе болорун айтып беришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар өздөрүнүн паспортторун даяр болгондугун бир нече ыкма менен биле алышса болот. Ыкмалардын эң эле ыңгайлуусу – Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу онлайн текшерүү болуп саналат. Ал үчүн жарандын жеке идентификациялык номерин терип, “Текшерүү” баскычын басуу керек.

Ошондой эле, порталда жарандын паспортунун аныктыгын текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал үчүн жеке идентификациялык номерди, паспорттун номурун жана сериясын, фамилиясын, атын терип, “Текшерүү” баскычын басуу керек. Кызматтар ыкчам түрдө берилет жана авторлоштурулбаган жарандар үчүн да жеткиликтүү.

Мындан тышкары, паспорттун даяр болгондугун Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 номурундагы call-борборуна (чалуу акысыз) чалып, билип алса болот.

Белгилей кетсек, e-ID паспортту даярдоо мөөнөтү демейки тартипте 12 жумушчу күндү түзсө, жалпы жарандык паспорт демейки тартипте 18 жумушчу күндө даяр болот. Ал эми тез арада паспорт даярдоо мөөнөттөрү 8, 4, 2 жумушчу күндү же 3 сааты түзөт. Паспорт даяр болор замат, жаранга смс-билдирүү келет, эң маанилүүсү арызда туура байланыш номерин көрсөтүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий