• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскат Алагөзов: Шылуундар президенттин үнүн жасалмалап видеороликтерди таратып жатышат

Президент 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды шылуундардын кылтыгына илинип калуудан сак болууга чакырды.

Анын айтуусуна караганда, социалдык тармактарда белгисиз шылуундар президент Садыр Жапаровдун видеосун колдонуу менен, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтерди таратып жатышат.

"“Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот” деген өңдүү күмөндүү иш аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз", - деп баса белгиледи а.

Алагөзов соцтармактагы маалыматтардын көптүгүн эске алуу менен, кандайдыр бир шектүү билдирүүлөр болсо шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактап коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий