• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ар бириңиздерди өлкөбүздүн элчиси деп эсептейм! Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Президент 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин жыйынынын катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуп, учурда улуттук кайра жаралуунун жаңы этабы башталганын белгиледи.

«Жаңы үмүттөр, жаңы максаттар менен өлкөнү күчтөп баштадык. Ушундай мезгилде бардык ресурстар, бардык каражаттар, анын ичинде ар бир жарандын, ар бир мекендештин салымы биз үчүн өтө маанилүү! Бүгүнкү күндө мамлекеттин күч-аракети кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталды деп ишенимдүү айта алам.

Өлкөдө транспорттук инфратүзүм калыбына келтирилип, завод-фабрикалар, ири ишканалар чекесинен ишке киргизилүүдө. Чакан ГЭСтер жигердүү курула баштады. Күн, шамал, электр станцияларына инвесторлор келип жатат. Логистикалык борборлор, көп функционалдуу мега комплекстер, транзиттик стратегиялык маршруттар ачылууда. Медициналык борборлор, социалдык объекттер, анын ичинде мектептер рекорддук убакытта курулуп жатканына күбө болуудасыздар.

Эң башкысы улуттук ири долбоорлорду ишке ашырууга кириштик: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу – республиканын транзиттик потенциалын жогорулатат. «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга старт бердик. Бул электр энергиясына күн санап өсүп жаткан керектөө муктаждыктарыбызды жабат. Ошентип өлкөбүз туруктуу өнүгүүгө карай багыт алды», - деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары белгилегендей, 2023-жылдын 1-декабрында өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 трлн сом деген көрсөткүчтү басат. Консолидацияланган бюджет 2021-жылдан бери 238 млрд сомго көбөйдү, 2023-жылы 550 млрд сомдон ашат. 2024-жылы 600,7 миллиард сомго чейин көбөйтүүнү пландадык.

Мына ушундай объективдүү маалыматтар өлкө экономикасынын өнүгүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Ошентсе да бүгүнкү күндө Кыргызстан таланттуу жана креативдүү адамдарга, тажрыйбалуу, билимдүү, компетенттүү жана демилгелүү жаш кадрларга муктаж.

«Азыр мигранттар менен кызматташуу жаңы баскычка көтөрүлдү. Убакыттын өтүшү менен көпчүлүк мекендештер жаңы өлкөлөргө отурукташып, олуттуу турмуштук жана кесиптик тажрыйбага, ошондой эле капиталга ээ болуп, күчтүү диаспоралар пайда болду. Мекендештерибиздин ийгилиги бизди чын ыкластан кубандырат. Сиздер өз мекениңиздер менен байланышты үзгөн жоксуздар, тескерисинче, өлкөнүн экономикалык турмушуна активдүү катыша баштадыңыздар.

Ар бириңиздерди өлкөбүздүн элчиси деп эсептейм. Чет өлкөлөрдөн сиздер жаңы технологияларга, жаңы билимдерге, күчтүү байланыштарга, жаңы маданиятка ээ болуп жатасыздар, алардын баарын Ата Мекенибизге тартасыздар деп ишенем.

Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда иштеп, жашап жүргөн мекендештер ошол жактан деле Кыргызстанга өтө чоң салымдарды кошуп келишет. Бүгүн мамлекеттин адам капиталы глобалдык Кыргызстан мейкиндигин кеңири жана активдүү ачууда.

Мен өз позициямды бекем карманам, эмгек мигранттарынын акча которуулары калктын негизги киреше булагы болбош керек. Ал эми тышкы миграция адамдардын бакубаттуулугунун кепили боло албайт.

Мамлекет өнүгүү маселелерин чечүүнүн альтернативдүү жолдорун табууга жана ишке ашырууга милдеттүү! Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жана калктын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү экономикалык өнүгүүнүн моделинин аныктоочу элемент болууга тийиш», - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ошондой эле инвестициялык климат чыңдалып, түзүмдүк реформалар жүргүзүлүп жана экономиканы диверсификациялоого салым кошкон инновациялык долбоорлор колдоого алынып жатканы белгиленет.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун кайрылуусунда маданий-гуманитардык чөйрөгө, спортко өзгөчө көңүл бурулуп, атап айтканда, президенттин Жарлыгы менен өлкөнүн бюджетинен маданият, искусство жана спорт тармагына 670 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий